29- Август 1875 -жылы
Падышалык аскерлер Кокон хандыгынын борборун бир ок чыгарбастан ээлеп алышкан
Падышалык аскерлер Кокон хандыгынын борборун бир ок чыгарбастан ээлеп алышкан. Кокон ханы Насреддин бек хандык үчүн күрөшкөн көтөрүлүшчүлөрдүн ишенимин актабастан, Константин Петрович фон Кауфманга утурлай чыгып, орус бийлигинин өкүмүнө баш ийгендигин билдирген.
Кокон хандыгын басып алуу падышалык Орусиянын Орто Азия аймагында үстөмдүк орнотуу туурасындагы стратегиялык максатына жооп берген. Ошондуктан генерал К.П. фон Кауфман "биз Кокон хандыгын ээлеген күндө барып, элдик боштондук кыймылга каршы ийгиликтүү аракет көрө алабыз" деген.