1- Сентябрь 1916 -жылы
Үркүндө орус аскерлерине колго түшкөн Дүйшөкө Мамырбаевдин көрсөтмөсүнө ылайык Бурана болуштугунан боз үйлөрдүн санына жараша жоокерлер чыгарылган
Орус аскерлерине колго түшкөн Дүйшөкө Мамырбаевдин көрсөтмөсүнө караганда, Бурана болуштугунан боз үйлөрдүн санына жараша жоокерлер чыгарылган. Болуштукта 340 түтүн жашагандыктан, жоокерлердин саны да 340 адам болгон. Жоокерлерге Сопубек Шаменов башчылык кылып, алардын колунда 30 мылтык, бир канча бардаңке жана милте мылтыктар болгон, мындан тышкары, узун союлга кийгизилген темир найза, учу күйгүзүлүп учталган жыгач найза, узун союлга сапталган балталар менен куралданышкан.