3- Сентябрь 1945 -жылы
Япония Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилишине байланыштуу Кыргызстанда майрам күн деп жарыяланган
Япония Экинчи дүйнөлүк согушта жеңилгенине байланыштуу Кыргызстанда майрам күн деп жарыяланган. Фрунзе шаарынын эски аянтында эмгекчилердин митинги өтүп, ага миңдеген жумушчулар жана шаар тургундары катышкан. Өкмөт үйүнүн балконунда партиялык жана өкмөт жетекчилери шаардыктарды Жеңиш майрамы менен куттуктап, "Улуу Жеңиш жемиши теңдешкис жол башчы И.В.Сталиндин көсөм саясатынын үзүрү" экендигин белгилешкен.