3- Сентябрь 1959 -жылы
Кыргыз ССР Илимдер академиясына караштуу Тарых институту уюштурган экспедиция Ысык-Көлдүн түбүнөн уникалдуу тарыхый табылгаларды жарыкка чыгара баштаган
Кыргыз ССР Илимдер академиясына караштуу Тарых институту уюштурган экспедиция Ысык-Көлдүн түбүнөн уникалдуу тарыхый табылгаларды жарыкка чыгара баштаган. Тарых институту москвалык адистердин колдоосу менен көл түбүнө биринчи археологиялык иликтөө ишин баштап, жыйынтыгында окумуштуулар Ысык-Көлдүн алдында байыркы шаар орун алгандыгын белгилешкен.
Экспедиция жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты М.Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда, убагында көл кылаасында өнүккөн шаар маданияты калыптанган. "Эбегейсиз геологиялык кырсык айынан жер жарылып, шаар суу алдында калган. Ошондуктан шаар калкы буюм-тайымдарын эле эмес, жанын сактап калууга чамасы жеткен эмес" деп жыйынтык чыгарган экспедиция жетекчиси.