«Жылдын супер актрисасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


3-сентябрь, 1915-жылы обончу, акын Жумамүдүн Шералиев туулган

Кыргызстан
Обончу, акын Жумамүдүн Шералиев Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык Маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрынын музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти наамы" ыйгарылып, Ардак Белгиси ордени жана башка медалдар менен сыйланган. Атактуу обончу жөнүндө китеп да жазылган.
Жумамүдүн Шералиев 1994-жылы 15-мартта 79 жашында оорудан улам көз жумган.
  (103 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9025;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: