Англиялык табият таануучу жана саякатчы, “Адам маймылдан жаралган” деген теориянын автору Чарльз Дарвин Шрусбери шаарында врачтын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле минералдардын, өсүмдүктөрдүн жана курт-кумурскалардын коллекцияларын жыйнап, балык кармап, аң уулоого кызыккан. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле табияттын сырларын ачууга, канаттуулар менен өсүмдүктөрдүн жашоо-тиричилигин байкап үйрөнүүгө, билим алууга умтулган. Агасы экөө химия боюнча тажрыйбаларды жасашкан.