
Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2008), Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери, композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев 58 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган.
14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Ноокендин Шыңсай айылында туулган. Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.