9- Сентябрь 2006 -жылы “Ата Мекен” партиясы Кыргыз өлкөсүнүн тартип коргоо органдарын айыптаган билдирүү тараткан
“Ата Мекен” партиясы Кыргыз өлкөсүнүн тартип коргоо органдарын айыптаган билдирүү тараткан. Билдирүүдө партия лидери Өмүрбек Текебаевдин “матрёшкагейт” аттуу чагымчыл аракеттердин курмандыгы болгондугун Польшанын атайын кызматтары моюнга алышканы айтылат. Партия мүчөлөрүнүн пикирине ылайык, Өмүрбек Текебаевдин Польша соту тарабынан акталышы, Кыргыз өлкөсүнүн бийлигине жакпас саясатчыларга ачык кысым болуп жатканынын далили катары каралган. Өмүрбек Текебаевдин 300 чамалуу жактоочулары бийликтин саясатын айыптап, ушул эле күнү Базар-Коргондо митинг өткөрүшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан