9- Сентябрь 2009 -жылы
Бириккен оппозициялык кыймыл жыйынга чогулуп, кыймылдын жобосуна бир катар өзгөртүүлөр киргизген
Бириккен оппозициялык кыймыл жыйынга чогулуп, кыймылдын жобосуна бир катар өзгөртүүлөр киргизген. Жаңы жободо оппозициялык күчтөрдү бириктирип, бирдиктүү саясий партия түзүү аракети жасалары аныкталган. Бириккен Элдик кыймылга (БЭК) 13 оппозициялык саясий партия жана кыймылдар баш кошуп, уюм 2008-жылдын 24-декабрда уюшулган. Жыйын чечимине ылайык, БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү болуп келген Алмазбек Атамбаев бириккен оппозициялык кыймылдын төрагасы болуп шайланган.