Москва шаарынын Союз үйүндөгү Колонна залында шахмат боюнча дүйнө чемпиону Анатолий Карпов менен атаандаш Гарри Каспаров ортосундагы лимитсиз матч башталган. Чектөө белгиленбеген матч 5 айга созулуп, оюн Карповдун пайдасына 5:3 эсебине келгенде ФИДЕ президенти Ф.Кампоманестин чечимине ылайык токтотулган. Бирок талапкердин кийинки үч партияны тең уткандыгына байланыштуу, Каспаров тарап да чечимдин туура же жалганын талашууга моралдык укук алган.