9- Сентябрь 1986 -жылы Орусиялык жана казакстандык "A-studio" тобунун ырчысы Кети Топурия туулган
Орусиялык жана казакстандык "A-studio" тобунун ырчысы Кети Топурия Грузиянын Тбилиси шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Кетеван Топурия. Анын атасы архитектор Андро Топурия жана апасы инженер-химик Наталья Топурия музыкадан алыс адамдар болушкан. Бирок Кетеван жаштайынан музыканы сүйгөн. Ал 1998-жылы Тбилисидеги музыкалык мектепти, кийин 2003-жылы музыкалык училищени аяктаган. Ошол эле жылы Кети Грузияда ырчы катары атактуулукка жетишкен. Ырчы айым Грузиянын Мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. Бирок "A-studio" тобуна мүчө болуу сунушу түшкөндө, Кети окуусун таштап, Москвага сапар алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан