Рим шаарында өткөн XVII жайкы Олимпиадалык оюндар алкагында бул күнкү марафон жарышында буга чейин эч кимге белгисиз эфиопиялык жөө күлүк Абебе Бикила жеңишке жетишкен. Абебе Бекиланын жылаңайлак чуркап биринчилик мөрөйдү алганы көпчүлүктү таң калтырган.