Орусиялык шоумен, актёр, алпаруучу Александр Ревва Украинанын Донецк шаарында туулган. Мектепти аяктап, колуна аттестат алган соң атайын техникалык окуу жайга тапшырып, темир уста кесибине ээ болуп чыгат. Андан соң Донецк шаардык Башкаруу академиясына өтүп, каржы адистигине ээ болгон. Окуусун аяктагандан кийин шахтада темир уста болуп эмгектене баштайт.