9- Сентябрь 1930 -жылы Советтик актриса Надежда Румянцева төрөлгөн
"Кыздар", "Бензоколонка ханышасы" тасмасында башкы ролду жараткан Советтик актриса, РСФСРдин Эл артисти Надежда Румянцева Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечкен. Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. Ал эми 1957-жылы Оскар Уайлддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарган. Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келген. “Бензоколонка ханышасы” деген фильмдеги ролу да актрисага ийгилик алып келген.
30га жакын фильмдерде эң мыкты образдарды жараткан Надежда Румянцева 2008-жылы 8-апрель күнү саат 21:40та көпкө созулган оорудан кийин 77 жаш курагында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан