11- Сентябрь 1991 -жылы
Мушкер Азат Усеналиев туулган
Мушкер Азат Усеналиев Токмок шаарында туулган. Эл аралык класстагы спорт чебери Азат Усеналиев бокс боюнча Кыргыз Республикасынын 4 жолку чемпиону жана Азия чемпиону. Бокс менен 11 жашынан баштап машыга баштаган. Ал эми 16 жашында, 2007-жылы өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпиондугун уткандан кийин алгачкы жолу Бакуда өткөн дүйнө биринчилигине катышкан. 2009-жылы Кытайда өткөн Азия чемпиондугунда өзбекстандык күчтүү мушкер Рафикжон Султановду уткандан тарта аты чыга баштаган. Азат Усеналиев 2009- жана 2011-жылдардагы дүйнө чемпиондугуна жана Гуанчжоуда болгон Азия оюндарына катышып, мыкты тажрыйба топтой алган.
Азат Үсөналиев 2013-жылы Азия чемпиондугунда байге алууга башкы талапкер болгон. Анда Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси казакстандык Ильяс Сулейменов менен Азия оюндарынын алтын медалынын ээси филиппиндик Рей Салюдар алгачкы беттештеринде эле жеңилип калышкан эле. Жеңил салмакта күч сынашкан кыргыз мушкери финалда өзбекстандык Шахобидин Заировду утуп, Азия чемпиондугунан Кыргыз өлкөсүнүн эсебине алгачкы алтын медалды алып келген.
2014-жылы Ташкент шаарында Сидней Жексондун элесине арналган эл аралык мелдештин жыйынтыгында, Азиялык бокс конфедерациясы (ASBC) тарабынан Азат Усеналиев "Май айынын мыкты боксчусу" деп да аталган. 2014-жылдын күз айларында Инчхондо болгон Азия оюндарында Азат алтын байге алуу үчүн башкы талапкерлерден болгон. Тилекке каршы, алгачкы беттешин ийгиликтүү баштаганы менен чейрек финалда пакистандык Мухаммад Васим менен беттешүүдө жаракат алып, калыстардын калпыс чечими менен мелдештен четтетилген.