Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын аскер министрине билдирүүсүндө 1875-жылкы көтөрүлүшкө чейин жоокер мүнөз кыргыздардын Орусия империясына болгон мамилеси оң экендиги белгиленет. Анын баамында кыргыздардын көтөрүлүшү түздөн-түз Кокон хандыгына каршы багытталып, орус саясатына анын байланышы жок болгон.