14- Сентябрь 1981 -жылы
Америкалык ырчы, бийчи, хореограф, актриса жана алпаруучу, америкалык "The Pussycat Dolls" тобунун мүчөсү Эшли Робертс туулган
Америкалык ырчы, бийчи, хореограф, актриса жана алпаруучу, америкалык "The Pussycat Dolls" тобунун мүчөсү Эшли Робертс төрөлгөн. Эшли үч жашынан бийге катышкан. Ал эми сегиз жашында ырдай баштаган. Музыкага болгон шык ага атасынан өткөн. Себеби, атасы музыкант болуп иштеген. Апасы фитнес боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. Эшли бой жеткенде бир нече теле-шоуга катышып эл көзүнө түшөт. Чырайлуу кыздын талантын Робин Антин байкап, топко ылайыктуу экенине көзү жетип, топтун курамына кошулууну сунуштаган.