
Саясий ишмер Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1986-жылы Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтун, 2002-жылы Бишкектеги Финансы-экономикалык академиясын бүтүрүп, менеджментти уюштуруу кесибине ээ болгон.
Акылбек Жапаров алгач Фрунзедеги Политехникалык институттун автомобиль жолдору кафедрасынын кенже илимий кызматкери болуп иштеген. Кийин Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы, Мамлекеттик башкы салык инспекциясынын инспектору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөмдөрдү өндүрүү боюнча башкармалыгынын башчысы болгон. Ал эми 2000-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, 2005-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри болгон.
Ошондой эле 2007-жылдын 7-февралынан декабрь айына чейин – Кыргыз өлкөсүнүн Финансы министри,
2007-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Соода жана экономикалык өнүгүү министри болуп дайындалып, 2009-жылы 20-октябрда отставкага кеткен.
Ал эми 2009-жылдын 22-октябрынан 2010-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын 1-Вице-премьер-министри болгон.
2010-жылдын 10-ноябрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты, 2011-жылдын 23-декабрынан 2012-жылдын 4-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Каржы министри болуп иштеген.