13- Февраль 1883 -жылы Немис композитору, драматургу, философу Рихард Вагнер көз жумган
Немис композитору, драматургу, философу Рихард Вагнер 69 жашында жүрөк оорусу кармап Венецияда көз жумган. Дүйнөлүк операга жаңылык киргизген композитор Европанын, өзгөчө немис музыкасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
Вилгелм Рихард Вагнер 1813-жылы 22-майда немистердин Лейпциг шаарында туулган.
Вагнер герман уламыштарына негизделген опералар түрмөгүн жараткан жана өз опералары үчүн либретто жазган, ошондой эле музыка таануучу да болгон. Анын чыгармачылыгы Европада опера өнөрүндө реформа толкунун пайда кылып, модернисттик агымга башат ачкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан