19- Сентябрь 1928 -жылы
Нью-Йоркто биринчи ирет "Микки Маус" мультфильминин бет ачары болгон
Нью-Йоркто биринчи ирет "Микки Маус" мультфильминин бет ачары болгон.
Америкалык сүрөтчү-мультипликатор, кинорежиссёр Уолт Дисней 1928-жылы 21-майда Микки Маустун образын иштетүүгө патент алган. Микки Маус эң белгилүү мульт-каармандардын бири, XX кылымдын америка маданиятынын белгиси, азыркы күнү "Walt Disney Productions" компаниясынын логотиби. 2008-жылы Микки Маустун автордук укугунун баасы АКШнын 3 миллиард долларынан ашкан.