
Жер кезип, дүйнөгө атагы тараган италиялык соодагер жана саякатчы Марко Поло туулган. Ал 1271-жылы 17 жашында атасы менен Венециядан кетип, деңиз аркылуу Кичи Азияга, андан Армян бөксө тоосу, Месопотамия, Иран Тайпак тоосу, Памир, Теңиртоо, Кашкар аркылуу Кытайга жеткен. Моңгол империясында 22 жыл жашаган. 17 жыл моңгол ханы Хубилайга кызмат өтөгөн. 1295-жылы Кытайдан деңиз жолу менен Индия, Иран, Константинополь аркылуу Венецияга кайткан. Ал өзүнүн саякаты жөнүндө китеп жазган. Анда Орто Азия жана Теңиртоо жөнүндөгү маалыматтар 1-жана 3- бөлүктөрүндө берилген. Биринчи бөлүгүндө Бадахшан, Самаркан, Алай өрөөнү, Кашкар, Жаркен, Болор, Хотан, Лобнор, Хами жана башкалар коңшу аймактар сүрөттөлгөн. Алардын географиялык абалы, флорасы жана фаунасы, кен-байлыктары, чарбасы, соодасы, калктын үрп-адаттары, айрым саясий окуялар жөнүндө маалыматтар берилген. Үчүнчү бөлүгүндө 13-кылымдын 60-жылдары моңгол империясынын курамынан бөлүнүп чыккан өлкө катары "Улуу Түркстандын" этносаясий өзгөчөлүктөрү баяндалат. Бул жерде автор Хайду мамлекет туурасында сөз кылган.