15- Сентябрь 2013 -жылы
Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктаган
Астанада тарыхта биринчи жолу уюштурулган көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу аяктаган. Ал 10-сентябрда башталып, Казакстандын борбору Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында өткөн. Чемпиондуктун байге фонду 20 миллион теңгени (болжол менен 130 миң доллар) түзгөн. Ага жалпысынан Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Түркия өлкөлөрүнөн 8 команда катышып, улакчылардын саны 200гө жеткен. Чемпиондук жыйынтыкталып 1-орунду Казакстан (10 миллион теңге акчалай сыйлык), 2-орунду Кыргызстан (6 миллион теңге), ал эми 3-орунду Тажикстан ээлеген (4 миллион теңге).