Ырчы Асель Турдалиева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлүп, 6 айлыгынан баштап Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн. 8-классты аяктаган соң Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырган. Ташкенттеги театр искусство институтун бүтүрүп келип 1992-жылы "Куурчак" театрында актриса болуп иштеген.