17- Сентябрь 1920 -жылы Түркстан Республикасынын элдик комиссарлар кеңеши "ТСРРСФ калк арасындагы сабатсыздыкты жоюу жөнүндө" Декрет кабыл алган
Кыргыз калкынын сабатсыздыгын жоюп, билим жолуна түшүшүнө 1919-жылдын 26-декабрда В.И.Ленин кол койгон “РСФСР калкынын сабатсыздыгын жоюу туурасындагы” Декрети маанилүү роль ойногон. Лениндик декретке ылайык, Түркстан Республикасынын элдик комиссарлар кеңеши 1920-жылдын 17-сентябрь күнү "ТСРРСФ калк арасындагы сабатсыздыкты жоюу жөнүндө" Декрет кабыл алган. 
Түркстан Республикасынын декретинде кылымдар бою орун алган жапайылык көрүнүшкө каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүп, 8ден 40 жашка чейинкилердин сабатсыздыгын жоюу маселеси каралган. Элдик комиссарлар кеңеши сабатсыздарды окутуу үчүн жергиликтүү бийликке аларды күчтөп окутуу маселесин койгон. Сабатсыздыкка каршы күрөшкө жергиликтүү партия, комсомол жана профессионалдык кошуун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу каралган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан