Ырчы, обончу Токон Эшбаев Ош облусунун Кара-Суу райондагы Керме-Тоо айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган. Студент кезинде "Ай, эжеке" деген ыры менен таанылган. 1992-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2011-жылы КРнын Эл артисти деген наамга татыган. Токон Эшпаевдин "Жаштык", "Кызыл желек", "Атама", "Актилек", "Чаткалым", "Ак көйнөкчөн аппак кыз" өңдүү жүздөн ашуун обондуу ырлары Кыргыз радиосунун Алтын фондуна жазылган.