Өзүнчө Сибирь корпусунун командачысы экспедициялык отряд тарабынан кармалган эки кыргыз туурасында орус бийлигине кабарлаган. Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийдин билдиргенине караганда, алардын жанында эки мылтык жана 8 жылкы болгон. Колго түшкөн кыргыздардын тагдырына күйгөн Ормон хан, алардын бошотулушун өтүнүп, Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийге кат менен кайрылган.