Венгриялык скульптор Ласло Месарош Будапешт шаарында төрөлгөн. Анын социализмге жана боштондукка болгон сүйүүсү 1935-жылы үй-бүлөсү менен Советтер Союзунун борбору Москва шаарына көчүп келишине себепчи болгон. Бир жылдан соң Кыргызстанга келип, Фрунзенин кооздугуна арбалып калат. Ошол бойдон бул жерде турукташып калууну чечет да, аялы менен баласын көчүрүп келет.