"Босс" деген лакап аттуу менен таанымал америкалык веложарышчы Лэнс Армстронг АКШнын Техас штатында төрөлгөн. Веложарыштагы профессионалдык карьерасын 1993-жылы баштап, 1996-жылы канында рактын клеткалары табылганы үчүн чоң спорттон четтеген. Рактан дарыланып, 1998-жылы кайра спортко келген.