Түркстан генерал-губернатордугу Кыргызстан аймагындагы почта маселесин караган. Кыргызстандагы 1916-жылкы көтөрүлүш айынан почта байланышы токтоп калганына байланыштуу генерал-губернатордук почта кызматын жакшыртуу талабын көтөргөн. Мындан тышкары, Пишпек, Токмок жана Пржевальск шаарларында жыйналган почтаны тышкы, ички байланыш аркылуу жөнөтүү үчүн төлөмдү жана жалдоо ишин колдонууга уруксат берилген.