Азимбек Бекназаровдун баш прокурордук кызматтан бошотулганына нааразы болгон он миң чамалуу адам Аксыда митинг уюштурушкан. Алар А.Бекназаровду кайра кызматка коюу талабын билдирип, К.Бакиевди Аксы окуясында набыт болгон 6 адамдын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпташып, анын Аксыга келишин талап кылышкан.