Оппозициялык бир канча саясий партиялардын демилгеси менен "Кыргызстандын элдик кыймылы" аттуу бирикме уюшулган. Аны Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев жетектеп, кыймылга “Жаңы Кыргызстан”, “КДК”, “Эркиндик”, “Республика”, “Асаба”, “ЭрК», “Кайран эл” саясий партиялары, Бакытбек Бекбоев жана Клара Ажыбекова жетектеген эки коммунисттик партия кирген.