22- Сентябрь 1703 -жылы Италиялык математик, физик Винченцо Вивиани каза болгон
Италиялык математик, физик, Галилео Галилейдин окуучусу Винченцо Вивиани каза болгон. Винченцо Вивиани Галилейдин биринчи биографиясын түзгөн. 1642-жылы Галилей каза болгондо Вивиани анын илимий изилдөөлөрүн уланткан. Тоскананын герцогу Фердинанд II Медичи ага атайын жаратылышты изилдөө үчүн ачылган академияда ардактуу орун берет. Галилейдин окуучусу болгондуктан, Вивиани монархтардан жада калса, Людовик XIVдөн, польшалык Ян II Казимирден дагы чакырык алган. Герцог тынчсызданып Вивианинин маянасын көбөйтүп, өзүнүн сарайынын башкы астроному кылып дайындаган. 1966-жылы Франция Илимий Академиясынын мүчөсү болуп тандалган.
Вивиани атмосфера басымдуулугун өзгөртүү боюнча тажрыйбаларды жүргүзгөн. Борелли менен биргеликте үндүн ылдамдыгын аныкташкан.
Вивианин атынан айдагы кратер коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан