22- Сентябрь 1939 -жылы Румынияда улутчулдар тарабынан өлкөнүн премьер-министри Арманд Кэлинеску өлтүрүлгөн
Арманд Кэлинеску Румыниядагы Питешти шаарында аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мектепти өзүнүн шаарында окуп аяктаган соң Бухарест Университетинде укук жана философияны, кийин Париж Университетинде саясат жана экономика илимдерин окуган. "Дыйкандар" саясий партиясына кирип, 1926-жылы депутат болуп шайланган. 1928-жылы Айыл чарба министрлигинде башкы катчы болуп дайындалган. 1930-жылы Ички иштер министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары болгон. Кэлинеску мыйзамга туура келбеген "Коммунисттер" партиясына каршы иш чараларды жүргүзгөн. 1937-жылы Ички иштер министринин ордуна ээ болгон. 1939-жылы өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалып, ошол эле жылы улутчулдар тарабынан өлтүрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан