23- Сентябрь 2002 -жылы
Германиянын канцлери Герхард Шредер АКШнын президенти Жорж Бушту Гитлерге теңегендиги үчүн юстиция министринин отставкага кетерин жарыялаган
Германиянын канцлери Герхард Шредер АКШнын президенти Жорж Бушту гитлерге теңегендиги үчүн юстиция министринин отставкага кетерин жарыялаган. Министр Герта Дойблер-Гмелин Американын тышкы саясий ишмердүүлүгүн сындап, Иракта болуп жаткан согуш америкалыктарды ички маселелерден алаксытарын айткан. Ал "Буш өзүнүн ички маселелеринен четтегиси келип жатат. Бул классикалык тактика. Мындай тактиканы Гитлер колдончу" деген.