V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Элмурат Обдунов Ош облусунун Араван районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган.
Билими – жогорку. 1987-жылы Ош облустук бухгалтердик мектепти артыкчылык менен бүтүргөн, "өнөр жай ишканаларынын бухгалтери" адистиги ыйгарылган. 1993-жылы Ош мамлекеттик педагогика институтунун "география жана биология мугалими" адистигин, 1996-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун "бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана агрардык өнөр жай комплексинин чарбачылык ишмердүүлүгүнүн анализи" адистигин, 2002-жылы Эл аралык университеттин "финансы жана кредит" адистигин артыкчылык менен, 2008-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1987-жылы Ош облусундагы Араван районунун "Коммунизм" колхозунда баштаган.
1993-1996-жылдары – Араван районундагы Л.Толстой атындагы мектептин мугалими, андан кийин Исанов атындагы мектептин мугалими;
1996-1998-жылдары – Ош технологиялык университетинде башкы бухгалтер, андан кийин Кыргыз мамлекетинин Эл аралык университетинин Ош филиалынын башкы бухгалтери;
1998-2002-жылдары – Кыргызстандагы Эл аралык университеттин "Экономика жана каржы" кафедрасында окутуучу;
2002-2003-жылдары – Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору;
2003-2006-жылдары – Кыргыз мамлекетинин Эл аралык университетинин Укук, бизнес жана компьютердик технологиялар институтунун окуу иштери боюнча директорунун орун басары;
2006-2008-жылдары – Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун башкы бухгалтери;
2008-2009-жылдары – Ош мамлекеттик университетинин башкы бухгалтери, андан кийин Ош мамлекеттик университетинин "Экономикалык, социалдык жана саясий географиясы" кафедрасынын доценти болуп иштеген.
2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
2010-2011-жылдары – Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү;
2011-2012-жылдары – Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2012-жылдын декабрынан тартып Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү болгон.