26- Сентябрь 2010 -жылы
Америкалык актриса Глория Стюарт каза тапкан
Америкалык актриса Глория Стюарт 101 жашында каза болгон. Анын өлүмүнүн себеби, мындан беш жыл мурда актриса рак оорусуна чалдыккан. Бирок ал ага анчалык маани берген эместигин кызы Сильвия Томпсон айткандыгын "Associated Press" кабарлаган. Глория Стюарт актрисалык карьерасында 70тен ашуун тасмаларда роль жараткан. Аны ийгиликке жеткирген, Жеймс Кэмерон режиссёрлук кылган "Титаник" тасмасындагы карыган Роуз Калверттин ролун аткаруусу болгон. Тасмада да Роуз Калверт 101 жашта каза болгон. Ал эми анын ролун аткарган Глория Стюарт ал учурда болгону 86 жашка аяк баскан. Мына ушул аткарган ролу үчүн Стюарт "Оскар", "Золотой глобус" сыйлыктарына көрсөтүлүп, бирок жеткен эмес.