23- Сентябрь 2003 -жылыАскар Акаев “Биринчи мугалим” фильми үчүн кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган
Кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаев “Биринчи мугалим” фильми үчүн орусиялык кинорежиссёр Андрей Кончаловскийге “Данакер” сыйлыгын тапшырган.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде 1965-жылы тартылган 1 саат 2 мүнөттүк “Биринчи мугалим” фильми 1923-жылдагы кыргыз элинин алыскы айылдарынын биринде болуп өткөн окуяны камтыган.