24- Сентябрь 2002 -жылы Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев АКШга жасаган иш сапарынын алкагында Американын Конгресс спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан
Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 2002-жылдын сентябрь айында АКШга жасаган сапарынын алкагында, 24-сентябрь күнү Американын Конгрессинин спикери Деннис Хастерт менен жолугушкан. Кыргыз өлкөсүнүн президенти "эгер Нидерланды жоогазындардын мекени болсо, Кыргыз өлкөсү - бейөкмөт уюмдардын өлкөсү” деп билдирген. Анткен менен америкалык тарап 2001-жылдын январь айынан бери камакта жаткан мурдагы вице-премьер-министр Феликс Куловдун маселесин козгоп, президентке Кыргыз өлкөсүндө адам укуктары бузулуп жаткандыгын билдирген кат тапшырышкан. А.Акаев катты өлкөнүн Жогорку Сотуна тапшыра тургандыгын билдирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан