19- Февраль 2011 -жылы
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин күнү
Кыргыз Республикасынын президентинин 1993-жылдын 19-февралындагы №60 УП “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык инспекциясына караштуу атайын салыктык иликтөө бөлүкчөлөрүн түзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, республикадагы салык мыйзамын бузууларды аныктоо, токтотуу жана инспекциялардын, кызматкерлердин ишмердигинин коопсуздугун камсыздоо максатында укук коргоо функциялары менен атайын бөлүкчөлөр түзүлүп, финансы полициясы деп аталган.
Аталган бөлүкчөлөрдө кызмат өтөө үчүн ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынын кызматкерлери чакырылган. Аларды укуктук, социалдык жактан коргоо жана жеңилдиктер менен камсыздоо мурда иштеген кызматтары боюнча сакталып калган.
Жаңы уюшулган салыктык иликтөө боюнча атайын бөлүкчөлөрдүн кызматкерлеринин саны 150 киши болгон.
20 жыл ичинде финансы полициясы укук коргоо органы катары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Мурдагы жылдары салык кылмыштарына, мамлекеттик мүлктү талоого, товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана товарды алып чыгууга каршы күрөш жүргүзүп келген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы) мамлекеттин экономикалык саясатын жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган маселелерди чечүүдө.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан