30- Сентябрь 2004 -жылы
Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келген
Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мухаммад Реза Ареф Кыргыз өлкөсүнө иш сапары менен келген. Ирандык өкүлдү премьер-министр Николай Танаев тосуп алып, эки тараптуу кызматташууну арттыруу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Сүйлөшүүдө эл аралык жана аймактык коопсуздуктун тегерегинде пикир алмашылып, ирандык тарап Кыргыз өлкөсүнө кичи ГЭСтерди курууга жана жогорку Нарын каскадынын курулушуна инвестиция бөлө тургандыгын билдирген. Ошондой эле Бишкекте Ирандын “Маскян” банкынын филиалын куруу маселеси каралган. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйынынын натыйжасында энергетика, саламаттыкты сактоо тармагы багытында меморандумга кол коюлуп, туризм жана маданий мурастар боюнча кабыл алынган 2004-2006-жылдардагы программаны ишке ашыруу талкууланган.