“Атлантида” телесериалындагы баш каарман, орусиялык белгилүү актёр Алексей Завьялов оор жаракаттан улам каза болгон. Ал эки ай мурун парашюттан секирем деп башынан жаракат алган. Актёр 15 жыл театрда эмгектенген. Баш-аягы 20дан ашык тасмага тартылып, 20га жакын спектаклде роль жараткан.