1- Октябрь 1934 -жылы
Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачылык көргөзмөсү өткөн
Кыргыз АССРнин Элдик комиссарлар кеңешинде айтылуу сүрөтчү Семён Чуйковдун чыгармачылык көргөзмөсү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, көргөзмө "Кыргызстандын колониалдык өтмүшү", "Эскиден жаңычылдыкка" деген аталыш менен коюлган. Мындан тышкары СССР Революциялык кеңешинин тапшырмасы боюнча аткарылган "Кыргыз улуттук дивизиясынын эс алуучусу айылда" аталган сүрөтү көрсөтүлгөн.