Кыргыз калкынын жазма маданият тарыхындагы бурулуш окуя жасалган. Буга чейин жүргөн даярдоо жана изилдөө иштеринин натыйжасында кыргыз алфавити латынчадан жаңы кирилл графикасына өткөн. Кирилл тамгаларынын киргизилиши кыргыз илим-билиминин жаңы орбитага чыгышына өбөлгө түзгөн. Орус графикасы аркылуу советтик маданиятка аралашып, андан ары дүйнөлүк баалуулуктар менен баарлашуу багыты ачылган.