3- Октябрь 1971 -жылы Америкалык музыкант, актёр, ырчы Кевин Ричардсон туулган
Америкалык музыкант, актёр, ырчы, “Backstreet Boys” тобунун мурунку мүчөсү Кевин Ричардсон АКШнын Кентукки штатында туулган. Жашынан эле көп кырдуу жигит балет мектебинде окуп, хордо ырдап, драмалык театрда ойноп, латын бийин бийлеп, бир топ таланттарды таптап келген. Бирок, жүрө­гүн­дөгү музыкага болгон сүйүүсү Кевинди 1992-жылы 21 жаш курагында “Backstreet Boys” тобуна жетелейт. Кийинки эле жылы “топтун эң мыкты солисти” деген атка конгон. Топ тарагандан кийин атайын жаш композитор, продюсер жана ырчыларды окуткан жеке мектебин ачкан. Ал эми топ кайра бириккенден кийин 2006-жылы 24-июнда Кевин “Backstreet Boys” тобунан кеткен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан