20- Июнь 1952 -жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев туулган
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев Нарын облусунун Миң-Булак деген айылында туулган.
Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүргөн. Чоро Думанаев бала кезинен эле киного аралашып, алгач "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн. Ал эми 1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Ушул жылдардын аралыгында Ч.Думанаев сахнада элүүдөн ашык ролдорду ойноп, кыргыз элине тааныла алган. Чоро Думанаев “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка тасмаларда роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан