Режиссёр жана продюсер Ырысбек Жабиров Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Октябрь айылында туулган. Мектепти 1990-жылы аяктаган соң Орусиянын Красноярск шаарындагы Сибирь техникалык институтуна тапшырып, кийин Жалал-Абад техникалык институтун аяктаган.