9- Октябрь 1981 -жылы
актёр, каскадёр, режиссёр Адилет Акматов туулган
Актёр, каскадёр, режиссёр Адилет Акматов Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Ал алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин у-шу, тайцзи, айкидо менен машыккан. Адилет Акматов каскадёр катары "Казакфильмде" “Кунанбай”, "Мың бала", "Боксчунун жолу", "Амир" тасмаларында ар кандай оор трюктарды аткарса, актёр катары орустардын "Гаишники" сериалында жана кыргыздардын “Баш аламан”, “Ант” фильмдеринде роль жараткан. Ал эми режиссёр катары "Мурас сыры", “Сүйө бил” тасмаларын тарткан.