Сталин маалында кенедей күнөөсү бар да, бейкүнөө адамдар да жазага тартылып, адал менен кылмыштын ортосундагы аралык таанып билгис даражага жеткен. Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкандар менен Кызыл аскерлердин кеңешинде да 1939-жылдын бул күнү ушундай эле абал өкүм сүргөн. Шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү "эл душманы" аталып камакка алынып, алардын көбү атылып кеткен.