31- Январь 1933 -жылы
англиялык жазуучу жана драматург Жон Голсуорси каза болгон
Англиялык жазуучу жана драматург Жон Голсуорси Лондондо 66 жаш курагында каза болгон. Жазуучунун эң көрүнүктүү чыгармасы деп 1921-жылы жарык көргөн "Форсайттар тууралуу жомокту" айтууга болот. Жон Голсуорси бул чыгармасы үчүн 1932-жылы "Нобель" сыйлыгына арзыган.