8- Октябрь 1944 -жылы
тарых илимдеринин доктору А.Н.Бернштам Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы туурасында отчёт берген
СССР Илимдер академиясына караштуу Кыргыз филиалынын археологиялык экспедициясынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору А.Н.Бернштам Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы туурасында отчёт берген. Айтылуу археологдун белгилөөсүнө караганда, Нарын жергеси илгертеден бери Азия континентиндеги мамлекеттердин тагдырын чечкен көчмөн калктардын бешиги болуп келген. Археологиялык экспедиция тарабынан Жогорку Нарындан хуннулардын маданиятына тиешелүү жана сасаниддик мезгилге таандык материалдар табылган.